Нарын. Нарында жол кырсыгы дагы бир адамдын өмүрүн алып кетти

2012-жылдын 6-декабрында түнкү саат 23:30дар чамасында Нарын шаарынын Ленин көчөсүндө орун алган борбордук мечиттин тушундагы жөө адамдар өтүүчү жайдан өтүп бара жаткан өздүгү тактала элек 40-45 жаштагы адамды Ленин көчөсү менен күн батыштан күн чыгышты карай келе жаткан өңү кара түстөгү Ауди үлгүсүндөгү белгисиз автоунаа сүзүп, белгисиз тарапты көздөй качып кеткен. Бул туурасында Нарын ШИИБинин пресс кызматы билдирди. Бул кырсыкка күбө болгон Нарын шаарынын тургуну 1994-жылы туулган Руслан Сүйүнбек уулу телефон аркылуу Нарын ШИИБине билдирген. Натыйжада, өздүгү тактала элек азиат улутундагы болжолу менен 40-45 жаштагы эркек адам жаракат алып, эсин жоготкон абалда Нарын облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Жол кырсыгын жасаган автоунааны табуу максатында атайын операция уюштурулуп, оперативдик иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү болгон Ауди С-4 үлгүсүндөгү автоунаасы табылган. Айдоочусу Нарын районунун Эмгекчил айылынын тургуну 1989-жылы туулган  С.Р. экендиги аныкталып, Нарын шаарынын Жанар-Тоо көчөсү тарапта токтоп турган жеринен кармалган. Бул факт боюнча 2012-жылдын 7-декабрь күнү Нарын ШИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, күнөөлүү адам Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 94-статьясынын негизинде Нарын ОИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми жол кырсыгына учураган өздүгү тактала элек адамдын өздүгүн тактоо максатында оперативдик иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Жол кырсыгына учураган адам Нарын облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн эсине келбей, 2012-жылдын 7-декабрына караган түнү саат 3төн өткөндө каза болгон. Учурда кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, автотехникалык, биологиялык экспертизалар дайындалып, тергөө  аракеттери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан