"Жеке учак, кызматчылар, 500 миң евро". Неймар Сауд Арабиянын "Аль-Хиляль" клубуна өттү

Атактуу бразилиялык футболчу Неймар Сауд Арабиянын "Аль-Хиляль" футболдук клубуна өттү.

31 жаштагы бразилиялык чабуулчу "Аль-Хиляль" менен эки жылдык келишимге кол койду, ал жалпысынан болжол менен 300 миллион евро алат, андан ары келишимди узартуу мүмкүнчүлүгү жок.

Ошондой эле Неймар сауд арабиялык клубда көптөгөн ар кандай бонустарды алат. Тагыраагы, жеңишке жеткен ар бир оюн үчүн 80 миң евро;

Социалдык тармактагы баракчасына Сауд Арабия тууралуу пост жүктөсө 500 миң евро;

Жеке учак жана кызматкерлери менен чогуу чоң үй;

Никесиз жашоого уруксат берилбегенине карабастан сүйлөшкөн кызы менен чогуу жашай алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан