Тажикстанда 22 адамды өлтүргөн жаран 30 жылдан кийин Орусиядан кармалды

Орусиянын Башкы прокуратурасы массалык адам өлтүрүүгө шектелген Юсуф Салиховду тажик бийлигине өткөрүп берди. Бул тууралуу Тажикстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Салиховду экстрадициялоо боюнча Дүйшөмбүнүн өтүнүчүн Орусиянын укук коргоо кызматкерлери канааттандырганы белгиленген. Ал эл аралык издөөгө алынып, 30 жылдан кийин Орусиядан кармалды.

Расмий маалыматка караганда, 1992-жылы 14-октябрда Тажикстандын Сарбанд айылында үрөй учурган трагедия болгон. Анда Юсуф Салихов шериктери менен бирге үйдү тоноого Калашников автоматы менен киришкен. Алар үй-бүлө мүчөлөрүнө ок чыгарышып, андан соң каза болгондордун денелерине бензин чачып, өрттөп салышкан.

Андан кийин кылмышкерлер унааны уурдап качып кетишкен. Ошондон бери Юсуф Салихов эл аралык издөодө жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан