Бүгүн, 13-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жылдын мыктыларын аныктаган концерт өтөт. Концертте кыргыздын таланттуу кыздарынын бири Нурзат Токтосунова алпаруучулукту аркаламакчы. Жыл сайын Супер концерттин көркүн ачып, жагымдуу маанай тартуулаган Нурзат Токтосунова учурда кызуу даярданып жаткан кез.
“Бүгүн буюрса, шаңдуу концерт болот. Буга чейин концертте үшүгөндүктөн, быйыл жылуу көйнөк кием деп ойлогом. Филармониянын ичи жылуу экендигине сүйүнүп жатам. Курбум тигип берген көйнөктү кийип чыгам. Азыр өзүңөр көрүп тургандай чач жасалгамды жасатып жатам”,- деди алпаруучу.