
Өлкө аймагында "Кооптуу жүк" аталышындагы рейд өтүп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмү күйүүчү май ташыган, жарылып кетүү коркунучу бар заттарды ташыган, газ ташыган, радиоактивдүү уулу заттарды ташыган оор жана коопту жүк ташыган унааларга карата “Кооптуу жүк” аталышында рейддик иш-чара өткөрүп, коопсуздук эрежелерин толук кандуу сактабаган оор жүк ташуучу унааларга жалпысынан 160 миң сом айып салышты", - деп билдиришти аталган башкармалыктан.
Рейддик иш-чара 15-августтан тартып, 17-августка чейин улантылып, коопту жана оор жүк ташуучу унаалардын баарын текшерүү менен жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.