Нарында 7 балалуу энеге президенттин атынан жаңы үй берилди

Нарындын Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы 7 балалуу 51 жаштагы энеге президент Садыр Жапаровдун атынан салынып жаткан үй бүттү. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун акимчилиги кабарлады.

Маалымдалгандай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан баатыр эне Гүлзат Искаковага жаңы турак жайдын мамлекеттик актысы жана техникалык паспорту тапшырылды.

Гүлзат Искакова жолдошу 2020-жылы каза болуп калгандан бери, 7 баласын жалгыз тарбиялап келет. Буга чейин анын кызы интернет булактары аркылуу президентке видео кайрылуу жиберген. Анын өтүнүчү мамлекет башчысына жетип, аталган үй-бүлөгө жаңы турак жай салуу убадаланган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан