Боомдогу жол кырсыгынан 3 адам каза болду (видео)

Бишкек-Торугарт жолунда жол кырсыгы катталып, 3 жаран каза болуп, 6 жаран ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 16-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Маалым болгондой, кечээ, 15-августта болжол менен саат 16:30 чамасында Бишкек –Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында Тайота Авансис үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Мерседес-Бенц жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Ага ылайык, 3 жаран каза болуп, 6 жаран ооруканага жеткирилген.

Учурда буга байланыштуу тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эске салсак, кечээ, 15-августта болжол менен саат 17:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт авто унаа жолунун 124-чакырымында эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталганы кабарланган.

Бишкек-Торугарт жолунда жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан