Куткаруучулар Ленин чокусунда машыгууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Белгиленгендей, алар кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында тоодон куткаруу иштерин практикалык түрдө аткарууда.
Бийик тоолуу климатка өздүк курамды көндүрүү максатында уюштурулган иш-чара 14-18-август күндөрү Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан Ленин чокусунда өткөрүлөт.
Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын мобилдик-куткаруу отрядынын өздүк курамы тоо шартында куткаруунун практикалык окуу сабактарына катышып, деңиз деңгээлинен 4350 метр бийик чокуга чыгып түшүүдө.