Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Жоэль Кожо Кыргыз футболдук союзуна кезектеги маегин берди.
Маегинде ал 6 жылдан бери ата-энесин көрө элек экенин кошумчалады.
"6 жылдан бери ата-энемди көрө элекмин, бул мен үчүн абдан оор. Үй-бүлөмдү сагындым. Азыр талыкпай иштеп жатам, Азия Кубогунан кийин ата-энеме барам деп үмүттөнүп жатам", - деген Кожо.
Ошондой эле ал дебюттук оюнунда өзүн көрсөтүүгө убакыт жетпей калганын айтты.
"Кыргызстан курамасында ойноону максат кылып жүргөм. Улуттук курамада ойноо мен үчүн чоң сыймык. Өлкө үчүн ойногонума кубанычтамын.
Кыргызстан-Иран беттешинде өзүмдүн мыкты жактарымды көрсөтүүгө убакыт жетишсиз болсо дагы, күйөрмандардын чоң колдоосун сезип турдум. Мен жаркын келечекке үмүттөнөм", - деп кошумчалаган ал.
24 жаштагы футболчу улуттук курамадагы дебюттук оюнун 16-июнда Иранга каршы өткөргөн.