Бишкек шаарындагы кафеде чыккан мушташ боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.
Андагы маалыматка ылайык, 3-август күнү милицияга О.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде саат 23:00 чамасында белгисиз адамдар коомдук тартипти бузуп, күч колдонуп, денесине залал келтиргендигин билдирген.
Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталды.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Тергөө кызматына 1993-жылы туулган М.С., 1998-жылы туулган М. Э. жана 1995-жылы туулган М. Э. аттуу жарандар жеткирилген.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында бардык зарыл экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында тиешеси бар адамдардын аракеттерине тийиштүү юридикалык баа берилет.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.