Бишкектин Свердлов райондук билим берүү борборунун бухгалтери А.А.Ф. коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
УКМКнын билдиришинче, А.А.Ф. тарабынан бухгалтердин бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып алуу жана коротуу боюнча коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду.
"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, аталган А.А.Ф. райондук билим берүү борборунун кызматкерлери менен келишимге келип алып, алар менен биргеликте райондук билим берүү борбору тарабынан уюштурулган тендерлерден утуп алган подряддык уюмдардын аффилирленген жактарынын эсебине акча которуу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды алгандыгы аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.
Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында 2014-жылдан азыркы учурга чейинки аралыкта 8 миллион 637 миң 400 сом зыян келтирилгени аныкталган.
15-август күнү А.А.Ф. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда. Анын ичинде башка райондук билим берүү борборлорунда да ушундай фактылардын жана схемалардын бар экендиги текшерилүүдө.