Бүгүн, 16-августта Бишкектин Октябрь райондук сотунда кылмыш чөйрөсүндө “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча соттук отурум 25-августка жылдырылды.
Маркумдун эжеси Тынара Жумагулова соттук отурум улам узартылып жатканын SUPER.KG порталына айтты.
“Бир жыл болоюн деп калды, соттук отурум улам жылып жатат. Айыпталуучулардын адвокаты эксперттерди, күбөлөрдү алып келип сурайбыз дейт. Ушинтип эле соттук отурум уланып келе жатат. Прокурор да улам алмашып жатат, бүгүнкү прокурор жаңы келген болчу. Эми кийинки отурумга жаңы прокурор алышыбыз керек”, - деди Жумагулова.
30-июлда №21 мекемесинде Чыңгыз Жумагулов киши колдуу каза болгон. Андан соң ЖАМК окуя тууралуу билдирүү таратып, Дөө Чыңгызды камерада чогуу отурган адам жеке пикир келишпестиктен улам келип чыккан чырда өлтүргөнүн айтышкан.