Чүйдө жашы жете элек кызга нике кыйган деп айылдын имамы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалымдалгандай, Аламүдүн районунун Васильевка айылынын 63 жаштагы Э.Р аттуу имамы 2005-жылы туулган Б.М. менен 1995-жылы туулган Ш.Х.га нике кыйгандыгы аныкталган.
Аталган факты Аламүдүн РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинде көрсөтүлгөн (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
"Тергөө учурунда Э.Р. аталган кылмыш ишине шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бүгүнкү күндө ага карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.