Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери адам өмүрүн сактап калышты

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери адам өмүрүн саткап, жоголгон акча каражатты ээсине таап беришти. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алтын Көл" эс алуу жайында милиция кызматкерлери Дуулат Азатов жана Шайкидин уулу Бекмырза көл жээгинде коомдук коопсуздукту камсыздап жүргөн учурда көлгө чөгүп жаткан жаранды куткарышты. Куткарылган жаран Ысык-Көл облусунун Түп районунун 23 жаштагы жараны болгон.

Мындан тышкары Ысык-Көл облусунун "Аврора" эс алуу жайында эс алып жүргөн Бишкек шаарынын 50 жаштагы тургуну милиция кызматкерлерине ири суммадагы акчасын жоготуп алгандыгын билдирген. Ага ылайык, милиция кызматкерлери Эрлан Талгартбеков, Бекболот Көчөров жана Мирбек Табалдиев эс алуу жайдын айланасын издешип 500 миң сом өлчөмдөгү акчаны таап, ээсине кайтарып беришкен.

Ага ылайык, өз кезегинде ыкчам жардам көргөзүшүп, кызматтык милдеттерин так аткарган милиция кызматкерлерине жарандар терең ыраазычылыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан