Ош шаарында атасын өлтүрүп, качып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Ош шаардык милициясынан тастыкташты.
Маалымдалгандай, окуя шаардын Амир-Тимур аймагында болгон. Шектүү 14-август күнү эртең менен саат 10:00 чамасында аталган кичи райондогу үйүндө (атасы менен бир короодо жашаган) өз атасы 1955-жылы туулган А.Хамидов менен пикир келишпестиктен чырдаша кеткен. Жыйынтыгында ашкана столунун үстүндө турган аш бычак менен атасына бир нече жолу: көкүрөк жана колдоруна сайып жиберген. Алган жаракаттарынан улам 68 жаштагы атасы өз үйүндө каза болгон.
"Атасы баласынан жумуш таап иштөөнү, жаман адаттардан, жаман достордон арылууну талап кылып айткан сөздөрүнөн улам чыккан", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү уулун кылмыштын изи сууй электе өзүнө таандык документтерин алып, таксиге отуруп кетүүгө аракет жасап жаткан учурда кармады. Ал 1982-жылы туулган Х.А. аттуу жаран экени белгилүү болду.
Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тиешелүү соттук-медициналык, соттук-дактилоскопиялык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды.
Маркум А.Хамидов Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районунда жашаган. 4 баланын атасы. Жергиликтүү мектепте кароолчу болуп эмгектенген. Анын уулу, кылмышка шектүү 1982-жылы туулган Х.А. 2 баланын атасы, эч жерде иштебейт.