Бүгүн, 16-августта президент Садыр Жапаров Ош-Бишкек унаа жолунда таштанды терген апанын видеосу менен социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
Буга чейин аталган видео интернет желесине тарап, колдонуучулар тарабынан түрдүү пикирлер калтырылып, ападан жосунсуз жоруктары үчүн кечирим сурагандар болгон.
Президент өзүнүн баракчасында бөлүшкөн видеонун астына интернет колдонуучулары таштанды таштаган жарандарга чара көрүү керектигин жазышууда.