Таласта 54 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Шектүү катары 42 жаштагы аял кармалды

Таласта 54 жаштагы эркек кишини өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-август күнү Бакай-Ата РИИБине билдирүү келип түшкөн. Анда Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын түндүк-чыгыш тарабында суу топтоочу көлмөнүн ичинде белгисиз адамдын жансыз денеси жатканы маалым болгон.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

"Каза болгон жарандын өздүгү такталып, ал Талас районунун Көк-Ой айылынын 1969-жылы туулган Ш.М. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Анын денесинде күч колдонулган белгилери бар экендиги белгилүү болгон.

Кылмышка шектелип 1981-жылы туулган С.К. аттуу аял кармалып, Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө жана иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан