Маалым болгондой, жыйындын жүрүшүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, коляскадагы балдары бар ата-энелердин жана велосипедчилердин сейил бакка тоскоолдуксуз кирүүсүнө шарт түзүү максатында көпүрөнү жакшыртуу маселелери талкууланды.
Ага ылайык, шаардын бардык тургундарына жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылган атайын пандус куруу пландалууда.
"Пандус бардык жарандарга, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана кыймылга чектөөлөр бар адамдарга бирдей мүмкүнчүлүк берүү үчүн жеткиликтүүлүк жана коопсуздук стандарттарын эске алуу менен иштелип чыгат", - деп айтылат маалыматта.