Кападокиянын асманы дүйнөнүн эң кызыктуу аба шарлары менен кооздолду (сүрөт) 

Түркиянын пери морулары менен атактуу аймагы болгон Кападокияда түрдүү формадагы кызыктуу ысык аба шарлары орун алды. Англия, Швейцария, АКШ, Германия, Франция, Бельгия, Испания, Португалия, Словения, Македония, Люксембург жана Түркиядан келген 22 фигуралуу шарлар көрсөтмө учууларды аткарды. Сүрөтчүлөрдүн өзгөчө оймо-чиймелери менен боёлгон, «Балмуздактар», «Өрдөк», «Обеликс», «Осьминог», «Космос Шатл» жана «Обеликс» сыяктуу түрдүү фигуралар менен кооздолгон аба шарларына жергиликтүү жана чет элдик туристтер чоң кызыгуусун көрсөтүштү.

«Кападокия шары жана маданият маршруту фестивалынын» алкагында өткөрүлгөн эл аралык иш-чарада эртең менен эрте башталган даярдыктардан кийин шарлар биринин артынан бири асманга көтөрүлдү. Тажрыйбалуу учкучтар Кападокиянын асманында фестивалга уникалдуу болгон түрдүү түс жана моделдерде жасалган ысык аба шарларын чеберчилик менен башкарса, дүйнөдө теңдеши жок пери моруларынын мистикалык пейзаждарында шарлардын бийи көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты.

ТҮРКИЯНЫН МАДАНИЯТ МАРШРУТУ ФЕСТИВАЛДАРЫ БЫЙЫЛ 11 ШААРДА ӨТКӨРҮЛӨТ

Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги тарабынан 2021-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан Түркия маданият маршруту фестивалдары 5-августта Кападокияда башталды. Дүйнөнүн эң комплекстүү маданият жана искусство долбоорлорунун бири катары уюштурулган Түрк маданияты маршруту фестивалдары быйыл 11 аймакта өткөрүлөт. 5-13-августта өткөрүлгөн Кападокия шары жана маданият жолу фестивалынан кийин Түркиянын Трабзон, Эрзурум, Чанаккале, Газиантеп, Анкара, Конья, Стамбул, Диярбакыр, Измир жана Анталья облустарында да фестивалдар өткөрүлөт.

ТҮРКИЯНЫН МАДАНИЯТ МАРШРУТУ ФЕСТИВАЛДАРЫНЫН ПРОГРАММАСЫ:

  • Кападокия шары жана маданият маршруту фестивалы – Невшехир 5-13-август,
  • Сүмела маданият маршруту фестивалы - Трабзон 19-27-август,
  • Паландокен маданият маршруту фестивалы – Эрзурум 19-27-август,
  • Троя маданият маршруту фестивалы – Чанаккале 9-17-сентябрь,
  • Гастроантеп маданият маршруту фестивалы – Газиантеп 16-24-сентябрь,
  • Башкент маданият маршруту фестивалы – Анкара 16-сентябрь – 1-октябрь,
  • Конья мистикалык музыка фестивалы – Конья 23-30-сентябрь,
  • Бейоглу маданият маршруту фестивалы – Стамбул 30-сентябрь – 15-октябрь,
  • Сур маданият маршруту фестивалы – Диярбакыр 14-22-октябрь,
  • Эфес маданият маршруту фестивалы – Измир 28-октябрь – 5-ноябрь,
  • Анталья маданият маршруту фестивалы – Анталия 4-12-ноябрь,

·

·

·

·

·

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан