Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, Эл аралык даражадагы спорт чебери Эрлан Шеров Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF) рейтингинде 12-орунга чыкты.
Жаңыртылган рейтинг Венгрияда өткөн Masters мелдешинин жыйынтыгы менен түзүлдү.
Аталган мелдеште Эрлан Шеров 5-орунду ээлеген.