17-августка карата аба ырайы

Эртең, 17-августта Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33 даража;

Талас аймагында түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30 градус;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36 даражаны көрсөтөт;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27 градус;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 23…28 градус жылуу болот.

Борбор калаа Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 30…32 грдуска жетет.

Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан