Жалал-Абадда дайынсыз жүргөн 42 лөлү тектүү жаран табылды 

Бүгүн, 16-августта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында күч органдары тарабынан облус аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында "Бирдиктүү алдын алуу" күнү өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, анын алкагында шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан курал-жарак сактоо эрежелери, чет элдик номердеги автоунаалар, жашоочулардын даректери боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

"Мал жана мүлк уурулуктарынын, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын, балдар арасында топтошуп мушташуулардын алдын алуу максатында калк арасында профилактикалык иштер жүрүүдө. Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын аймагындагы ар бир үйдүн жашоочуларынын өздүктөрү такталып, каттоого алынууда. Милициянын көчмө кабылдамасы жарандарды жеринде кабыл алып, жергиликтүү тургундарга юридикалык кеңештер берилди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Жалал-Абад шаарынын ичинде дайынсыз жүргөн 42 лөлү тектүү жаран өздөрүнүн жашап жаткан дарегине жеткирилгени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан