Жалал-Абадда уурулук, тоноо, алдамчылык менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Жалал-Абад милициясы уурулук, тоноо, алдамчылык менен алектенген кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта облустук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад ШИИБине батир уурулук, тоноо, алдамчылыкка байланыштуу 15 арыз келип түшкөн. Жабырлануучулар жалпысынан 2 миллион сомго жакын материалдык чыгымга учурашкан.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-берене (Уурдоо), 206-берене, (Тоноо), 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмыш иштерине шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 5 тургуну 1984-жылы туулган Н.И., 1987-жылы туулган Х.Х., 1993-жылы туулган Ж.А., 1999-жылы туулган Ш.Н. жана 2001-жылы туулган К.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алар 8 алдамчылык, 4 уурулук, 3 тоноо кылмыштарын жасашкан. Жарандардын телефондорун сүйлөшүп алуу үчүн сурап, кайра кайтарып бербей качып кетишкен. Ошондой эле батир уурулуктарын жана жаш балдарды коркутуп тоноо менен алектенишкен.

Учурда башка кылмыштар боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан