Алматыдан Бишкекке туруктуу аба каттамдарды көбөйтүү пландалууда

Алматыдан Бишкекке туруктуу аба каттамдарды көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

Кабарлангандай, ушул жылдын 11-сентябрынан тарта казакстандык "QAZAQ AIR" авиакомпаниясы Алматы - Бишкек - Алматы багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз аба каттамын ачууну максат кылууда.

Учуулар жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат.

Эскерте кетсек, "Air Astana" авиакомпаниясы аталган багыт боюнча күн сайын үзгүлтүксүз каттамдарды аткарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан