Аэрофлоттун учагы ботко күйүп кеткендиктен шашылыш түрдө Сочиге конууга аргасыз болду

Аэрофлоттун учагы ботко күйүп кеткендиктен шашылыш түрдө Сочиге конууга аргасыз болду. Анда жагымсыз жыт чыгып, стюардессалар кооптонду. Бул тууралуу маалыматты Baza телеграм каналы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-августта эртең менен Сочиден Санкт-Петербургга багыт алган учактын ичин жагымсыз жыт каптаган. Стюардессалар бөлмөдө күйүк жыттанып жатканын дароо түшүнүшкөн. Ага ылайык, жыт учактын арткы ашканасындагы мештен чыккан.

Мештеги бышырылып жаткан ботко дароо өчүрүлүп, командир учакты кайра Сочиге бурууга аргасыз болгон.

"Конгондон кийин чындыгында күйүк жыты боткодон чыкканын айтышкан. Ал эми учактагы бардык тамактар ​​Сочи аэропортунун өрт өчүрүүчүлөрүнө "даам татуу (дегустация)" үчүн жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан