Оштун эки жашоочусу диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты

Ош облусунда "Хизб-Ут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү экстремисттик идеологиядан баш тартышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында УКМК "Хизб-Ут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүн аныктап, аларга карата профилактикалык иш-чараларды жүргүздү.

10-август күнү "Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами" тероррдук уюмунун идеяларын тараткандыгы үчүн А.О. жана М.М. аттуу жарандар кармалган. Аларга диний-экстремисттик багыттагы идеяларды тараткандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгы боюнча соттун чечими чыгып, угузулган.

Профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, кармалгандар жарандарды “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.

УКМК экстремисттик-террордук уюмдардын ишин бөгөттөө чаралары улана берерин маалымдайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан