Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Бишкек шаары боюнча архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы 27-линия көчөсү, 28б дарегиндеги тиешелүү уруксат кагазы жок көп кабаттуу үйдүн курулушун аныктап, курулуш иштерин токтотту.

Ага ылайык, курулуш токтотулду жана курулушка уруксат берүү документтерин көрсөтүү талабы менен "Алим Капитал" ЖЧКсынын өкүлүнө эскертүү берилди.

"Эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө уруксат документтери берилбесе, материалдарды сот органдарына өткөрүп берүү менен айып салынат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан