Бишкекте 445 миллион сомдук кыймылсыз мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды

Жасалма документтер аркылуу ээлеп алынган Укук, финансы жана бизнести башкаруу эл аралык академиясынын имараттары мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, Башкы прокуратура тарабынан Укук, финансы жана бизнести башкаруу эл аралык академиясынын (МАУПФиБ) негиздөөчүлөрү К.Назарматова жана башкалар мамлекеттик имараттарды мыйзамсыз ээлеп алгандыгы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

"2003-жылы аталган окуу жайдын негиздөөчүлөрү К.Назарматова жана башкалар документтерди жасалмалашып Бишкек шаарындагы Белорус көчөсүнүн 6 жана 6а даректериндеги 3 кабаттуу окуу корпусун, 5 кабаттуу жатаканасын жана 1,7 гектар жер тилкесин алдоо жолу менен ээлеп алышкан. Ошол убакыттан бери 200 миллион сомдон ашуун ижара акысын мамлекетке төлөбөй, мыйзамсыз жогорку окуу жайы катары пайдаланып келишкен", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, Башкы прокуратура келтирилген прокурордук актыларынын негизинде мыйзамсыз жана жасалма документтер жокко чыгарып, 445 миллион сомдук кыймылсыз мүлктү мамлекеттин менчигине кайтарды.

Ал эми кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери улантылууда, анын жыйынтыгы менен күнөөлүү адамдарга тийиштүү юридикалык баа берилет.

"Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан академия “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу жогорку окуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берүүчү лицензиясы токтотулган. Академиянын студенттери башка окуу жайларга которуу маселеси каралууда", - деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, прокуратура мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө ишмердүүлүгүндө мыйзамсыз берилип кеткен мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу багытында 2022-жылы жана 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында 16,9 миллиард сомдук мүлктөр жана акча каражаттарды кайтарган, анын ичинде ондогон социалдык объектилер жана башка имараттар да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан