"Биздин топ жаңы эле Оштон, Нурландын жеке концертин берип, учуп келдик. Учурда Супер концертке даярданып жатабыз. "Супер-Инфонун" жыл жыйынтыгы биз үчүн чоң самаалык болгондуктан, аябай толкунданып жатабыз. Азыр 1 сааттан кийин бийчилерибиз менен жолугушабыз. Концертке кийип чыгуучу костюмдарын эбак эле даярдап койгонбуз. Нурлан Насип Супер концертке 100 пайыз даяр десек болот",- деп билдирди ырчынын продюсери Канат Кадыржан.
Белгилей кетсек, Нурлан Насип "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамына талапкерлердин бири.