Ошто Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын алдында алгачкы ирет "Бий искусствосу-2023” эл аралык бий фестивалы башталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Ош мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, фестивалдын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов катышып, жалпы бий өнөр ээлерин салтанаттуу куттукташты.
"Иш-чаранын алкагында бийчилердин жөө жүрүшү болуп, республиканын бардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өттү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бий фестивалына Индиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Кыргызстандын таланттары катышууда. Иш-чара 19-августка чейин уланат.