Инспектор Бексултан Алтынбек уулу: "Бизге коопсуздук курун такпай айдоого болот"

SUPER.KG порталына милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жумушунун оош-кыйышы менен бөлүшүп, айдоочулар менен болгон мамилелери туурасында айтып берди.

Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын инспектору Бексултан Алтынбек уулу милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерине коопсуздук курун такпай айдоого боло тургандыгын айтты.

"Бизге кызматтык унаада жүргөн кезде коопсуздук курун такпай айдоого уруксат. Себеби ар кандай жагдай жаралышы мүмкүн, мас айдоочуну кубалап же бирөөгө жардам керек болуп калышы ыктымал. Анын үстүнө курал, трекер рациябыз бар. Ошол үчүн бизге уруксат берилген. Бул нерсени билип-билбегендер артыбыздан "хайп" жаратып, видеого тартып жарыялап жатышат.

Ар бири айдоочу эрежени так сактап, жол белгилерин карап, телефон колдонбой унаа башкарса жакшы болмок. Биздин жумуш - эрежени бузгандарга чара колдонуу. Баарына эле чара колдоно бербейбиз, айрымдарына жөн гана эскерткен учурларыбыз болот. Кээ бир жагдайларды туура түшүнөбүз. Улуу муундагы айдоочулар болот, көзү жакшы көрбөй жол белгилерин байкабай калышат. Дароо токтом жазып салгандан алыспыз.

Ал эми айрым кайгуул кызматынын кызматкерлери чындыгында одоно эреже бузуп алышы мүмкүн. Аны көрүп алгандар бардык инспекторлорду ошондой ойлоп калышат. Эми баары бирдей эмес да, ар бир адам жаңылышы мүмкүн", - дейт ал.

Ошондой эле интернетте инспекторлор мыйзамды бузгандыгы боюнча тараган видеолордун бардыгы эле чындык боло бербестигин кошумчалады.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
эмирлан
2023-08-17 15:33:00
ЖКККБ инпекторлору кандай учурда ременди такпастан автатранспортту башкарууга уруксат экендигин Кайсыл мыйзамда көрсөтүлгөн тактап айтып кетсе жакшы болмок ПДДда деле ал тууралуу окугандай болбодук эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан