Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери пансионаттын кызматкерин көлгө чөгүп бараткан жеринен куткарып калышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Ысык-Көлдө "Телтору" пансионатынын директору ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине түнкү саат 01:00 чамасында кайрылып, пансионатта иштеген кыз жок болуп жаткандыгын айткан.
Ага ылайык, полктун кызматкерлери Таласбек уулу Нурсултан жана Юсуп уулу Мирлан ыкчам көл жээгине барган учурда сууга чөгүп бараткан кызды куткарып, биринчи медициналык жардам көрсөтүштү.
"Куткарылган жаран Нарын облусунун 1986-жылы туулган тургуну болгон. Дагы бир адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкерлерине пансионаттын директору ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.