Өлкө аймагында акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды

Өлкө аймагында акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлайт.

Маалымдалгандай, Бишкек шаарында 3, Ош облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 2, Чүй облусунда 6, Нарын облусунда 2, Баткен 2, Ош шаары 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 25 бөлүм тартылган.

"Баткен шаарында М.Салихов көчөсүндө жайгашкан "Биримдик" базарында пахта иштетүүчү кичи цехтин 24 чарчы метр шыбы күйгөн. Ак-Талаа районунун Баетов айылында мончонун ичинде дубалында 16 чарчы метр капталган жыгач решеткалары жана пластик материалдары күйгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан