Жогорку Кеңеш 130 даана компьютер сатып алууга сынак жарыялады. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка караганда, компьютерлерди сатып алуу үчүн 7 миллион 800 миң сом пландалган. Анда электрондук каталог аркылуу эң аз баа көрсөтүү негизги критерий болуп саналат.
Конкурска катышууну каалагандар үч жумушчу күндө, тагыраагы, 22-августка чейин өтүнмө берүүгө үлгүрүшү керек.