Ысык-Көл облусунун Бостери айылынан жоголгон 3 жашар кызды милиция кызматкерлери таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-августта Бостери айылдык милиция бөлүмүнө Чүй облусунан келген эс алуучу кайрылган. Анын айтымында, жубайы 3 жашар кызы менен дүкөнгө барып, ал жерден кызын жоготуп, таппай калган.
Жоголгон кызды тез аранын ичинде табуу үчүн айылдык милиция бөлүмүнүн өздүк курамы тартылган. Эки сааттык издөө иштеринин натыйжасында жоголгон кыз табылып, ата-энесине кайтарылып берилген.