Бишкекте алдамчылыкка шектелип Кытайдын эки жараны кармалды. Алар калаадагы парктардын биринде 80 миң долларын уурдатканы боюнча арыз менен милицияга кайрылган. Анда ал акчаны Кыргыз жаранынан карызга алганын айтышкан.
Аталган факты каттоого алынып, "Тоноо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Бирок текшерүү иштеринин натыйжасында Кытайдын жарандары акчаны кайра кайтарбоонун жолун издеп, бул окуяны атайлап ойлоп тапканы аныкталды. Бул тууралуу маалыматты Свердлов РИИБинен тастыкташты.
Маалыматта кармалган Кытай жарандары — 40 жаштагы С.В. жана 37 жаштагы Х.Ш. экени айтылат.
Чет элдик жарандар Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге жайгаштырылган. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.