АКШнын Каржы министрлиги казакстандык компанияга санкция киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Казакстандын басылмалары жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, Орусия менен Словакиянын эки компаниясы да санкцияга киргизилди. Санкция киргизилген компаниялар Verus (Россия), Defence Engineering Limited Partnership (Казакстан) жана Versor S.R.O. (Словакия).
"Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы курал-жарак келишимдерин колдоого аракет кылган үч уюмга санкция киргизди", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШ Орусия менен кызматташкан Кыргызстандын 4 компаниясына санкция киргизген.