Баткен районунун Чек айылында коомдук алдын алуу борборунун имараты ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалым болгондой, борбор Ички иштер министрлигинин жана "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фонду жана Saferworld уюму менен кызматташтык долбоорунун АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунун астында "Милиция менен элдин ортосундагы социалдык кызматташтык" долбоорунун алкагында ачылды.
Ага ылайык, аталган борбордо аксакалдар соту, аялдар кеңеши, ошондой эле жаштар координаты милициянын участкалык тескөөчүлөрү менен биргеликте жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алышып, иш алып барышат.
"Коомдук алдын алуу борборунун ар бир мүчөлөрүнө өз алдынча иш бөлмөлөр каралып, заманбап техника, эмеректер менен камсыздалган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, программанын алкагында аталган борбордун капиталдык курулушуна 400 миң сом, компьютердик жабдуулар, кеңсе эмеректери менен камсыз кылууга 329 миң 361 сом каржылык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми Дара айыл аймагы тарабынан курулуш иштерине 1 миллион 543 миң сом жардам берилди.