Эртең, 18-августта өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшүү мүмкүн. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33 грудус;
Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31 градус;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35 градус;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29 градус;
Нарын аймагында түнкүсүн 6…11, күндүз 25…30 даражага чейин жетет.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 31…33 градус жылуу болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.