Токмок шаарынын Киров көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайда 18 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-августта техникалык тейлөө станциясында адистин жардамчысы, 2005-жылы туулган Г.Г. унаа ташуучу атайын техниканын эки бөлүктүү чиркегичинин ортосунда туруп, анын жабдыктарын чечип жаткан. Анын коопсуздукту сактабаганынан улам оор салмактагы чиркегичтин темири түшүп кетип, жигит алдында калган. Көп өтпөй Г.Г алган жаракатынан улам каза болгон.
Аталган факты милициянын маалыматтык журналына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
"Автоунаа ташуучу унаага мөөр басылып, Токмоктогу жүргүнчүлөрдү ташуу автобазасына токтотулду.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти милициядан.