"Издөө иштери уланууда". Индияда жер көчкү 72 адамдын өмүрүн алды

Индиянын Гималай аймагындагы Химачал-Прадеш штатында 14-августта жүргөн жер көчкүдөн каза болгондордун саны 72ге жетти. Бул тууралуу 17-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, аймакта бир жумадан бери көнөктөп жааган жаандан улам жер көчкү жүрүп, дарыялардагы суу көтөрүлүп, бир катар айыл-кыштактарды каптап кеткен.

"Жүздөгөн жолдор жабык. Индиянын Метерология кызматы нөшөр жакынкы жумада токтобой турганын билдирди.

Штаттын башкы министри Сухвиндер Сингх Сукху 2 миңден ашуун жергиликтүү тургун тик учактар жана моторлуу кайыктар менен коопсуз жакка чыгарылганын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары маалыматта учурда куткаруучулар издөө иштерин улантып жатышканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан