Эки кыргыз балбаны универсалдуу күрөш боюнча Азия чемпиону болду

Эки кыргыз балбаны универсалдуу күрөш боюнча Азия чемпиону болду. Мындан сырткары бир балбан күмүш байгеге ээ болсо, үч спортчу коло медаль тагынышты. Бул тууралуу Универсалдуу күрөш федерациясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, чемпионат 11-17 август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өттү.

Сыйлыкка татыган спортчулардын тизмеси:

1-орун - Сыймык Тентиев (65 кгилограмм) ;
1-орун - Нурбек Айдаров (80 килограмм);
2-орун - Кубанычбек Рысбаев (+90 килограмм);
3-орун - Аскер Үсөнбаев (70 килограмм);
3-орун - Мирбек Айдаров (75 килограмм);
3-орун - Азат Иманкулов (100 килограмм).

Белгилей кетсек, универсалдуу күрөш боюнча Азия чемпионаты Кыргызстанда биринчи жолу өттү.

Кошумчалангандай, улуттук курама октябрь айында Грузияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна даярдыктарды баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан