Литванын өкмөтү 18-августтан тарта Беларусь менен "Тверецюс" жана "Сумскас" чек ара бекеттерин жабуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Литванын Улуттук радио жана телекөрсөтүүсүнүн (LRT) билдиргенине караганда, чек араларды толугу менен жабуунун чоо-жайы Польшада талкууланат.
Ага ылайык, Литванын ички иштер министри Агне Билотайте Балтика өлкөлөрү менен Польшанын Беларусь менен чек арасын толугу менен жабуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаганын, чоо-жайы 28-августта тактала турганын билдирди.
Ал эми калган төрт чек ара бекеттери Беларусь менен "Медининкай", "Лаворискес", "Райгардас" жана "Салцининкай" ачык бойдон калат.
Мындай чечим Орусияга байланышы бар Вагнердин Беларустагы жалданма тобуна тынчсыздануу күчөгөн учурда кабыл алынды.