Зардалыга кете турчу унаа жол кеңейтилди

Кыргызстандын алыскы айылы аталган Зардалыга кете турчу жалгыз автоунаа жолундагы тар жерлер тазаланып, кеңейтилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, жумуштар “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылды. Жерине тартылган атайын техникалар жана жолчулар жалпы 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун 53-85-чакырым аралыгындагы бир унаа араң өтө турчу тилкелерди тазалап, кооптуу жерлерде кеңейтүү иштерин жүргүзүштү.

Белгилей кетсек, Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Кышы абдан катаал келген Зардалыны башка айылдар менен бир гана унаа жол туташтырат. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөнгө дейре каттам үзүлбөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан