Акыйкатчы ВИЧ, гепатит менен ооруган тараптардын укуктарынын сакталышын талап кылды

Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Саламаттык сактоо министрлигинен ВИЧ жана гепатит оорусу менен жашаган кыргызстандык жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылууну талап кылды. Бул тууралуу өлкө Акыйкатчысынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 3-августта Акыйкатчы институтуна “ВИЧ менен жашаган аялдардын өлкөдөгү тармагы” жана “Гепатит менен күрөшүү” коомдук уюмдарынын өкүлдөрү кайрылышкан.

Алар Вирустук гепатит жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтуна бириктирилишине байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин позициясына каршылыгын билдиришкен.

Коомдук уюмдардын өкүлдөрү Саламаттык сактоо министрлигине бир нече ирет аталган мекемелерди бириктирбөө өтүнүчү менен кайрылышкан, анткени бул ВИЧ жана гепатит менен жашаган жарандардын укуктарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Алар берген маалыматка таянсак, функционалга ылайык, жогоруда аталган эки мекеме биргелешип иш алып бара албастыгы айтылат.

"21-июлда аталган коомдук уюмдардын өкүлдөрү Вирустук гепатит жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борборун Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтуна кошпоону талап кылып митингге чыгышкан.
Кийинчерээк, 27-июлда Саламаттык сактоо министрлиги бири-бирине кошулбай турганын маалымдаган.
Бирок ВИЧ жана гепатит менен ооруган адамдардын коомчулугунун өкүлдөрүнүн айткандарына таянсак, Саламаттык сактоо министрлиги эки мекемени бириктирүү жөнүндө буйрукту кайра артка кайтарган эмес", - деп жазылат анда.

Акыйкатчы институту Саламаттык сактоо министрлигине бул маселе боюнча расмий билдирме жөнөткөн.
11-августта саламаттык сактоо министринин орун басары жообун берип, анда эки мекемени бириктирүү боюнча чечим өкмөттүн программасына ылайык кабыл алынганы айтылат.

Саламаттык сактоо министрлигинин жообу:

“Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтун түзүү КРнын өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 600 “Саламаттыгы чың адам - гүлдөгөн өлкө” деп аталган 2019-2030-жылдар үчүн калктын саламаттыгын коргоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын аткаруунун негизинде болгон.

Ооруларды алдын алуу, эпидемиологиялык көзөмөл, саламаттыкты сактоо жана чыңдоо боюнча тейлөөлөрдү жакшыртууну камсыздоо жана анын негизги функцияларын кеңейтүү менен коомдук саламаттыкты сактоо кызматын жаңылоо керек.

Министрлер кабинетинин ушул жылдын 7-июлундагы № 340 токтомун аткаруу менен Саламаттык сактоо министрлиги Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунун жетекчилигин юстиция органдарында мыйзамдарда каралган мөөнөттүн аралыгында кайра каттоодон өткөрүүнү милдеттендирген. Саламаттык сактоо министринин тиешелүү буйругу 2023-жылдын 20-июлунда № 875 номери менен кабыл алынган”, - деп айтылат министрдин орун басарынын расмий жообунда.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигине кайрылат жана ВИЧ, гепатит менен жашаган тараптардын укуктарын сактоону камсыз кылууну талап кылат.

Акыйкатчы институту Кыргызстанда ВИЧ жана гепатит менен жашаган жарандардын кызыкчылыктары менен укуктарынын бузулушуна жол бербөө максатында мониторинг жүргүзүүнү улантары маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан