Ысык-Көлдө көл жээгинде топ кыздардын мушташы орун алды. Бүгүн, 17-августта социалдык тармактарда тараган видеодон топ кыздар эки кызды сабап жаткандыгын көрүүгө болот.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, аталган окуя 3-июль күнү Бостери айылындагы "Алтын кум" эс алуу жайынын көл жээгинде орун алган.
Бул окуя боюнча Ысык-Көл РИИБине Чырпыкты айылынын 22 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, күч колдонуп Айфон-11 ПРО үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышып, аны жана курбусун эч себепсиз сабашкан белгисиз кыздарга чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Келтирилген чыгым 48 миң сомду түзгөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү алты жаран аныкталып, райондук тергөө кызматына алынып келинген. Алар Бишкек шаарынын 16-17 жаштагы тургундары С.Г., А.К., Т.А., Т.П., З.Б. жана К.А. болуп чыккан. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта кармалган кыздар күнөөсүн толугу менен моюндарына алышкан.
"Кармалган шектүү жарандарга карата райондук соттун чечими менен тергөө амалдарын өткөрүү учурунда үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган болчу. Бирок тергөө учурунда шектүүлөр Т.А., Т.П. жана З.Б. бир нече жолу тергөөгө келүү талаптарын бузгандыктан тергөө кызматы тарабынан аларга карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч киргизилген. Тергөөнүн өтүнүчү эске алуу менен райондук сот тарабынан аталган жарандарга карата 1-сентябрга чейинки мөөнөткө камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары уланууда жана шектүүлөрдүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.