"Учактан желкелеп алып түшүп". УКМК аскер кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген жаранды кармады

Укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, издөөдө жүргөн Ош облусунун Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган тургуну Х.Д.А. чет мамлекеттин аймагында кармалды.

Ал 2010-жылдын июнь айында Ош облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышып, Кара-Суу районундагы Нариман айылында Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Ош шаарындагы 5-тергөө камак жайына киргизилет. УКМК 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле атайын кызмат 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата кылмыштын эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын кошумчалады.

Видео: УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан