Электрондук каттоо: Жаңы окуу жылына карата 123,1 миң бала 1-класска кабыл алынды

Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык система аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 123 миң 178 бала кабыл алынды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.

Маалымдалгандай, анын ичинен 2 миң 788 бала жеңилдик менен алынды. Бул мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги жалпы бөлүнгөн квотанын 66,1 пайызын түзөт. Дагы 63 миң 66 бош орун бар.

Аймактар боюнча алганда:

- Бишкек шаарында жалпы 20 миң 741 квота болсо, анын 17 миң 550 бала кабыл алынды;
- Жалал-Абад облусунда жалпы 36 миң 525 квота болсо, анын 23 миң 586на бала кабыл алынды;
- Чүй облусунда жалпы 30 миң 786 квота болсо, анын 19 миң 515не бала кабыл алынды;
- Ош облусунда жалпы 40 миң 434 квота болсо, анын 24 миң 7не бала кабыл алынды;
- Ысык-Көл облусунда жалпы 14 миң 900 квота болсо, анын 9 миң 140на бала кабыл алынды;
- Баткен облусунда жалпы 16 миң 835 квота болсо, анын 11 миң 738не бала кабыл алынды;
- Талас облусунда жалпы 7 миң 198 квота болсо, анын 4 миң 885не бала кабыл алынды;
- Нарын облусунда жалпы 7 миң 536 квота болсо, анын 5 миң 148не бала кабыл алынды;
- Ош шаарында жалпы 11 миң 289 квота болсо, анын 7 миң 609на бала кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан