
Бүгүн, 18-августта таң эрте Бишкек шаарынын Ленин районундагы Муромская көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө саат 7:17де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, андан соң Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган.
"Саат 7:41де Ленин райондук №6 ӨКБдан 1, саат 7:44тө штаб жөнөтүлгөн.
Жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп, штаб, 1 суу ташуучу унаа тилсиз жоо менен күрөшүп, саат 8:13тө чектөөгө алынды", - деп жазылат анда.
Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.