Малайзияда учак кырсыгы 10 адамдын өмүрүн алды (видео)

Кечээ, 17-августта Малайзиянын жеке учагы кырсыкка учурап, 10 адам каза болду. Бул тууралуу Malay Mail басылмасы маалымдады.

Маалым болгондой, учак Лангкави эл аралык аэропортунан көтөрүлүп, Шам Алам шаарына жакын жерде кулаган.

Натыйжада учактын 6 жүргүнчүсү жана 2 экипаж мүчөсү каза болгон. Мындан тышкары, кырсык болгон айылдын 2 тургуну каза болгон.

Жеке учактын кулашы тууралуу маалыматты Малайзиянын жарандык авиация башкармалыгы тастыктады.

Агенттиктин маалыматына караганда, кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:08де болгон. Учак Куала-Лумпурдагы Султан Абдулазиз Шах аэропортуна бара жаткан.

Малай2зиядагы учак кырсыгы 10 адамдын өмүрүн алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан